
2026-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага “Интернет колдонуучулардын укук бузган контенттерди жарыялагандыгы үчүн социалдык тармак жоопкерчилик тартууга милдеттүүбү” темасында юрист Жылдыз Кадырова тренинг өткөрөт. Ошондой эле юрист Бекибай Мамытов да тийиштүү суроолор боюнча кеп-кеңештерин берет.
Юридикалык кеңеш берүүлөр жана пайдалуу жолугушууларга Сиздерди чакырабыз! Сиздер үчүн ПСИХОЛОГ КЕҢЕШТЕРИ да жеткиликтүү. Кесипкөй жардам, маанилүү суроолорго жооп алган, адистер менен актуалдуу темаларды талкуулаган мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыздар!
Белгилей кетсек, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана 28-майда Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнγ – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Уюшулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!
Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!