Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китепкана тармагы боюнча «ART DIALOG» аянтчасы болуп өттү

Китепкана тармагы боюнча «ART DIALOG» аянтчасы болуп өттү
30 Янв 2026

Бүгүн, 30-январда Улуттук телерадиоберүү корпорациясында китепкана тармагындагы актуалдуу көйгөйлγγ маселелер боюнча арт-баарлашуу (ART DIALOG) аянтчасы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси, УТРК телеканалынын колдоосу менен уюштурулган иш-чара китеп көргөзмөсү жана сγрөт көргөзмөсү менен башталып, ал тγз эфирде чагылдырылды.

 

Уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, УТРК жетекчиси Уланбек Сатиев, А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов, Кыргыз эл акындары Асан Жакшылыков, Кожогелди Култегин, Маркабай Ааматов, Кыргыз эл жазуучусу Кален Сыдыкова жана Бишкек шаарындагы, жети облустагы, жер-жердеги шаардык китепканалардын башчылары катышты.

Көркөм-коммуникациялык усулдар форматы аркылуу тажрыйба алмашуу, чыгармачылык көндүмдөр жана инновациялар γчγн интерактивдүү кесипкөй айдыңды түзүү максатта уюшулган аянтча ачык, эркин өтγп, китепканалардын учурдагы абалы, бул тармактагы негизги көйгөйлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар, китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана китепканалардын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайыкташтыруу маселелери кеңири талкууланып, бир катар сунуштар айтылды. Айтылган сунуштарды эске алуу менен китепкана тармагын мындан ары да алгылыктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.