Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 81 ЖЫЛ: Китепкана Улуу Ата мекендик согуш жылдарында

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 81 ЖЫЛ: Китепкана Улуу Ата мекендик согуш жылдарында
09 Май 2026

2026-жылдын 9-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Редакция-басма иштери бөлүмү Ч.Айтматов залына Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган “Китепкана Улуу Ата мекендик согуш жылдарында” (1941-1945) аталышта сγрөт, китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөнγн γстγңкγ катарына согуш жылдарындагы тарыхый сγрөттөр, маалыматтар жайгаштырылса, алдыңкы катарга Улуттук китепкананын кызматкери, журналист, жазуучу Гγлмайрам Саалаеванын согуш темасындагы жыйнактары жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, Гүлмайрам Саалаеванын идеясы жана китептеринин, тастыкталган документтеринин негизинде кыргыз кино тарыхында алгачкы жолу жоокердик-тарыхый жанрда «Өрт кечкен сөйкө» тасмасы тартылып, азыр көрсөтүлүп жатат.  Редакция-басма иштери бөлүмүндө эмгектенип жаткан  эжебиз Улуу Ата мекендик согушка кыргыз кыздары катышкан тасманын сценарийин (Жыпара Исабаева, Гүлзар Жумагулова үчөө жазган) жазгандардын бири.

Тарыхка кайрылсак, бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепкана илим-билим, маданият, адабияттын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет. Китепкана кан майдандагы аскерлерге руханий азык жагынан жардам берген. Тагырагы, душмандан бошотулган жерлердеги ооруканаларда, аскерий мекемелерде жети чакан китепкана түзүлүп, Кыргызстандан да атайын чыгармалар жөнөтүлүп турган.

Улуу Ата мекендик согуш башталган мезгилде китепканада 125 миң том китеп, 80 миң журнал, 500 түр гезит болгон. Агезде башка мамлекеттен Кыргызстанга көчүрүлгөн жарандардан улам окурмандар саны көбөйгөн. Казатка чейин күнүнө 250 жаран келсе, кийин алардын саны 700дү түзгөн.

Жаңы технология өнүккөн азыркы заманда китепкананын астанасын аттагандардын саны көп, окурмандар үзүлбөйт. Китепкана дем алыш күн, түшкү тыныгуу дебестен, кγнγгө саат 9:00дөн 18:00гө чейин тынымсыз иштейт.

Болгону майрам күндөрү иштебейт.