Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепканадагы кадыр түн – 2026”: Китепкана маданиятынын кызыктуу ааламына саякатка келиңиздер!

“Китепканадагы кадыр түн – 2026”: Китепкана маданиятынын кызыктуу ааламына саякатка келиңиздер!
28 Май 2026

2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепканадагы кадыр түн – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Китеп фонду, көргөзмө жана китепкана ичинде экскурсиядагы программада:
* китепкананын китеп фонду менен таанышуу;
* сейрек жана жаңы басылмалар көргөзмөсү;
* көркөм, илимий жана балдар адабияты;
* тематикалык китеп экспозициялары;
* китепкана бөлүмдөрү боюнча экскурсия;
* китепкана тарыхы жана ишмердиги менен таанышуу;
* окуу залдары жана ресурстары боюнча кыска баяндар;
* китептер жана авторлор тууралуу кызык фактылар.
Китеп, билим жана китепкана маданиятынын кызыктуу ааламына кош келиңиздер!
Сиздерди, бүгүн, 28-майда Улуттук китепкананын астанасынан жагымдуу музыка менен күтүп алабыз! Келип, кадырлуу конок болуп көңүл ачып кетиңиздер!
Эскерте кетсек, “Китепканадагы кадыр түн – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!