Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китепкананын фонду жаңы китеп менен толукталды

Китепкананын фонду жаңы китеп менен толукталды
02 Июл 2026

2026-жылдын 2-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду белгилүү кыргыз окумуштуусу, география илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Курманаалы Матикеевдин баалуу илимий эмгектери менен толукталды.
Фондго «Ыйык китептер, тарыхый жазмалар жана илим», «Күн (Гунн) эли, Теңиркут – Манас: жаңы тарыхый маалыматтар» жана «Кыргыз улутунун тарыхый географиясы» (Historical Geography of the Kyrgyz Nation) аттуу китептер кабыл алынды. Акыркы эмгек 2025-жылы АКШда англис тилинде жарык көрүп, Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин китепканасынын фондуна киргизилген.
Курманаалы Матикеевдин илимий табылгалары кыргыз элинин тарыхын, тарыхый географиясын жана маданий дүйнөсүн терең таанып-билүүгө өбөлгө түзгөн баалуу эмгектердин катарын толуктайт.