Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Классик акын Турар Кожомбердиев Улуттук китепканада эскерилет

Классик акын Турар Кожомбердиев Улуттук китепканада эскерилет
02 Июн 2026

2026-жылдын 4-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында кыргыз адабиятынын, өзгөчө балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, терең философиясы, мекенчилдиги менен айырмаланган таланттуу лирик, классик акын Турар Кожомбердиев (1941–1989) 85 жылдык мааракесине карата эскерилет.
Иш-чара саат 10.00дө фойедеги китеп көргөзмөсүнөн башталат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине карата 2026-жылдын 3-6-июнунда Турар Кожомбердиев атындагы эл аралык поэзия фестивалы өтөт.