Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Колунда комуз, көкүрөгүндө илим жанган инсан – Санарбек Карымшаков

Колунда комуз, көкүрөгүндө илим жанган инсан – Санарбек Карымшаков
30 Окт 2026

2026-жылдын 30-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүндө комузчу, адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаковдун (1941–2015) 85 жылдыгына арналган “Комуздун кылында, илимдин сырында өткөн өмүр» аталыштагы китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган көргөзмөгө профессордун кыргыз адабиятындагы жаңы кубулуштарды, жазуучулардын новатордук изденүүлөрүн терең талдоого алган макалалары, адабий сын жыйнактары, илимий эмгектери, котормолору жана сүрөттөрү коюлду.

300гө жакын илимий жана адабий-сын макалалардын, бир катар монографиялардын автору, кыргыз адабиятынын, эстетикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп кеткен окумуштуу Санарбек Карымшаковдун жаркын элесине арналган көргөзмөгө бардык окурмандарды чакырабыз!