Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аттуу илимий – практикалык конференция болуп өттү

“Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аттуу илимий – практикалык конференция болуп өттү
03 Июл 2026

2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы менен биргеликте “Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Иш-чарага окумуштуулар, маданият кызматкерлери, комузчу-мугалимдер, жаш изилдөөчүлөр жана комуз өнөрүнө кызыккан коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

             
Конференциянын жүрүшүндө комуз өнөрүнүн тарыхый-маданий орду, кыргыз күүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, бүгүнкү күндөгү күүчүлүк салт, музыкалык билим берүү, окутуунун усулдары жана жаш муундарды тарбиялоодогу улуттук баалуулуктардын мааниси тууралуу илимий баяндамалар жасалып, пикир алмашуулар болду.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун комузчу-мугалими, күү изилдөөчү, маданияттын мыкты кызматкери Бердибекова Мастура Сүйүновнанын “Комуз күүлөрүнүн көркөм каражаттары”, “Кенже топто комуз чертүү”, “Комуз күүлөрү түрдүү чертимдерде” аттуу күүлөрүнүн бет ачар аземи өткөрүлдү.