Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Комуз өнөрү: салт, илим жана билим берүүдөгү жаңы багыттар”

“Комуз өнөрү: салт, илим жана билим берүүдөгү жаңы багыттар”
02 Июл 2026

2026-жылдын 3-июлунда саат 09:30да Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору тарабынан уюштурулууда.
Конференцияда белгилүү окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр жана маданият өкүлдөрү комуз өнөрүнүн тарыхы, бүгүнкү абалы, музыкалык билим берүү, күүчүлүк салт жана анын келечеги тууралуу илимий баяндамалар менен чыгышат.
Иш-чаранын алкагында комузчу, күү изилдөөчү Мастура Бердибекова тарабынан комузчулук өнөргө арналган жаңы окуу-усулдук эмгектеринин кол жазмаларынын бет ачаары да өтөт.
Салтанаттуу иш-чарага бардыгыңыздарды чакырабыз!