
2026-жылдын 5-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлγмγ “Конституция – өлкөнγн Баш мыйзамы, мамлекеттик укуктук документи” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө мамлекеттин эң жогорку юридикалык күчкө ээ Баш мыйзамы жана мамлекеттин түзүлүшү, башкаруу формасы, жарандардын укуктары, эркиндиктери, милдеттери жазылган китептер жайгаштырылды.
Конституция тарыхына токтоло кетсек, эгемендик алганыбыздан бери Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүлгөн. Тагырагы, өлкөдө бийлик алмашкан сайын Конституция өзгөрүп, же толуктоолор киргизилген. “Легендарлуу парламент” атыккан Жогорку Совет 1990-жылы 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө” декларацияны, 1991-жылы 31-августта “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларацияны жана 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган.

Биринчи президент Аскар Акаев дал ушул Баш мыйзамды 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлγп, Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлгөн. Кийинки президент Курманбек Бакиев да 2005-жылы Конституцияны өзгөрткөн. 2010-жылы Апрель окуясында ал чет өлкөгө качып кетип, ошол эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Андан кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.
2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин да (2021-жылы 11-апрелде) элдик добуш берүү менен өзгөрγп, Баш мыйзам президенттик башкарууга кайткан.
Быйыл Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду. Өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, адилеттүүлүк, тең укукту камсыз кылуу максатта кабыл алынган Конституциябыз туруктуу болсун!