Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кусеин Карасаевдин сейрек басылмалары көргөзмөгө коюлду

Кусеин Карасаевдин сейрек басылмалары көргөзмөгө коюлду
01 Июл 2026

2026-жылдын 1-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө көрүнүктүү тилчи-окумуштуу, кыргыз тил илимин түптөөчүлөрдүн бири Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Кусеин Карасаев – XX кылымдын Махмуд Кашгариси» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Көргөзмөдө окумуштуунун араб, латын жана кыргыз арибиндеги сейрек басылмалар, ошондой эле анын өмүрү жана чыгармачылыгын чагылдырган баалуу эмгектери сунушталат. Алардын катарында ХХ кылымдын башындагы тарыхый китептер, журналдар жана Кусеин Карасаевдин кыргыз тил илимине зор салым кошкон эмгектери орун алган.


Өмүрүн кыргыз тилинин өнүгүшүнө арнаган Кусеин Карасаев «Кыргыз тилинин орфографиясы», «Орусча-кыргызча сөздүк», «Орфографиялык сөздүк», «Накыл сөздөр» жана башка фундаменталдуу эмгектери аркылуу тил илиминде өчпөс из калтырган.
Китеп көргөзмөсү улуу окумуштуунун бай мурасын даңазалоо менен бирге жаш муунду эне тилди урматтоого, илимге жана китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Улуттук китепкана жалпы окурмандарды жана китеп сүйүүчүлөрдү көргөзмөгө келип, улуу окумуштуунун руханий мурасы менен жакындан таанышууга чакырат.