2026-жылдын 26-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кыргыз китеби бөлүмүндө кыргыз тил илиминин пайдубалын түптөгөн залкар окумуштуу, академик Кусейин Карасаевдин 125 жылдыгына карата “Көрүнүктүү тилчи — түрколог” аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Окумуштуунун улуттук лексикографиянын, диалектологиянын жана адабий тилдин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон илимий эмгектери, анын ичинде фундаменталдуу “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Өздөштүрүлгөн сөздөр”, “Кыргыз адабий тилинин грамматикасы” сыяктуу басылмалары коомчулукка, өзгөчө жаш муунга таанытуу жана илимий иликтөөгө болгон кызыгууну арттыруу максатында көргөзмөгө коюлду.

Залкар окумуштуунун илимий мурасын кийинки муунга таанытуу, кыргыз тилине жана тил илимине болгон кызыгуусун арттыруу максатта уюшулган көргөзмөгө бардыгыңыздарды чакырабыз!