Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кылымдарды карыткан билим булагына чакырабыз!

Кылымдарды карыткан билим булагына чакырабыз!
04 Ноя 2026

2026-жылдын 4-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн: “Эч ким, эч качан унутулбайт!”, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт” (библиографиялык энциклопедия), “Эки орундуу автордук таблицалар” (Китепканаларда китептерди алфавиттик тартип менен жайгаштыруу үчүн колдонмо) китептери жана “Кыргызстан китепканасы” (илимий-практикалык жана маданий-агартуу) журналы менен толукталды.

Урматтуу китеп сүйүүчүлөр жана окурмандар!

Сиздерди Улуттук китепкана чыгарган жаңы, уникалдуу китептер дүйнөсүнө саякат жасоого чакырабыз!

Биздин окуу залдарыбыздан сиздер Ата Мекендик тарыхты, маданиятты, илимди жана адабиятты чагылдырган, буга чейин жарык көргөн баалуу эмгектер менен тааныша аласыздар. Ар бир китеп — бул өткөн тарыхтын барактары жана келечекке жол көрсөткөн билим булагы. Келиңиздер, руханий азык алыңыздар!

Улуттук китепкана — сиздин ишенимдүү билим шеригиңиз. Эшигибиз сиздер үчүн дайыма ачык!