



2026-жылдын 5-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 7-8-ноябрь — Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Өткөн тарых — өчпөгөн чырак” аттуу сүрөт көргөзмө жана “Кылымдарды карыткан кыргыз руху: “Өткөндүн сабагы, келечектин талабы” аталыштагы китеп көргөзмө уюштурулду.


Аталган көргөзмөгө кыргыз элинин байыркы замандан берки тарыхы, Үркүн трагедиясы, саясий репрессиянын курмандыктары жана мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон улуу инсандар тууралуу тарыхый-даректүү адабияттар, архивдик материалдар, улуттун сыймыгы болгон улуу «Манас» эпосу, оозеки чыгармачылыктын берметтери жана кыргыз философиясы камтылган эмгектер жайгаштырылды.
Ата-бабаларыбыздын басып өткөн тарыхый татаал жолун кийинки муунга таанытуу, жаштардын аң-сезимин ойготуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатта жайгаштырылган көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!