Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз дүйнөсү ааламга, маданиятыбыз дүйнөгө тааныла берсин!

Кыргыз дүйнөсү ааламга, маданиятыбыз дүйнөгө тааныла берсин!
05 Мар 2026

5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата майрамдын маани-маңызын жаштарга терең түшүндүрүү, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерин ойготуу, кыргыздын нарк-насилин, каада-салтын даңазалоо, жайылтуу максатта жер-жерлерде жыл сайын салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келет.

Бүгүн, 5-мартта А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы кыргыздын салттуу кийимдерин сактоо, улуттук баалуулуктарыбызды аздектөө, жайылтуу максатта “Ак кар жатса тоолордо — Бийиктигин билдирет. Калпак кийген кыргыздын — Ыйыктыгын билдирет” аталыштагы салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Көчмөн маданиятыбыз алмустактан бери ата-бабаларыбыздан муундан-муунга өтүп, таберик болуп сакталып келатканы сыймык. Улуттук кийимдердин баалуулугун сактап, барктап, дүйнө жүзүнө даңктап, уңгужолду улай турган урпактарга өткөрүп берүүбүз абзел.

Байыркы нарк-насил, салт-санаа, улуттук иденттүүлүк, улуттук көркөм дөөлөттөрүбүз сакталып, кыргыз дүйнөсү ааламга, маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешпиз!

Майрамыңыздар  кут болсун!

Эске сала кетсек, белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы бекитилген.