Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз драматургиясынын Шекспири – Бексултан Жакиев

Кыргыз драматургиясынын Шекспири – Бексултан Жакиев
12 Май 2026

2026-жылдын 12-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, залкар драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин (1936- 2021) 90 жылдыгына арналган “Кыргыз драматургиясынын Шекспири – Бексултан Жакиев” аталыштагы китеп жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.


Аталган көргөзмөгө жазуучунун гезит-журналдарга жарыяланган макалалары, маектери, орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган чыгармалары, “Атанын тагдыры”, «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза», “Өмүр өтөт билинбей” жана башка китептери жана тарыхый сүрөттөрү, сыйлыктары жайгаштырылды.
Залкар драматург Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгын кийинки муунга таанытуу жана алардын кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттыруу максатта уюшулган көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!