
2026-жылдын 14-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын акыны Махаббат Молдалиеванын “Айгерим”, Казак Республикасынын акыны Даулет Байтурсун “Өртекес” китебинин таанытымына арналган “Кыргыз-казак адабият алакасы — достуктун, боордоштуктун көпүрөсү” аттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын Керимбек Кадыракунов, Кыргыз Эл акындары: Карбалас Бакиров, Тынчтыкбек Нурмамбетов, Кыргыз Эл жазуучусу Кален Сыдыкова, Казак Республикасынын акын, обончусу, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Серик Кали́ев, Казакстан Жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү, акын Даулет Байтурсун, акын, композитор Рэбил уулу Нурлыбек жана кыргыз-казак акын, жазуучулары катышты. Алар Чокан Валиханов менен Мухтар Ауэзов, Мухтар Шаханов менен Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу, залкар инсандар кыргыз-казак достуктун пайдубалын тургузуп, бекемдеп кеткенин, бүгүнкү күндө кийинки муундагы акындар Махаббат Молдалиева менен Даулет Байтурсын сыяктуу акындар адабий байланышты улантып жатканын баса белгилешип, “Айгерим”, “Өртекес” китептери жакшы жазылганын айтышып, авторлорго ак батасын беришти.



