
2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында кыргыз улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана өлкөдө кыргыз тилиндеги контенттин жетишсиздигин чечүү жана балдардын эне тилинде сүйлөөсүн калыптандыруу, мультфильмдер аркылуу балдарга билим берүү, улуттук баалуулуктарды, ырларды, курчап турган чөйрөнү жана логиканы үйрөтүүгө багытталган маданий иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Аскар Салымбеков, Ибрагим Жунусов, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, агартуучулар, чыгармачыл интеллигенция жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналист, «Арт студиясынын» жетекчиси, кыргыз тилиндеги заманбап балдар мультипликациясын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткан долбоорлордун автору Керим Айдаров тарабынан даярдалган кыргыз тилиндеги кыска метраждуу мультфильмдер көрүүчүлөргө сунушталды. Улуттук баалуулуктарды, эне тилди жана маданий мурастарды даңазалаган бул чыгармалар катышуучулар тарабынан өзгөчө кызыгуу менен кабыл алынып, жылуу пикирлер айтылды.