Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз музыкасынын залкары Жумамүдүн Шералиевге 110 жыл

Кыргыз музыкасынын залкары Жумамүдүн Шералиевге 110 жыл
16 Окт 2025

2025-жылдын 16-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан кыргыз музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти , Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жумамүдүн Шералиевдин 110 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду.

 

“Кыргыз обонунун пири”, “музыка өнөрүнүн күжүрмөн жоокери”, “кыргыз обонунун атасы” аталган Жумамүдүн Шералиев 12 жашында эле «Сүйүү жарга», «Сүйүү ыры» деген алгачкы обондорун жараткан. Өмүрүнүн аягына чейин ар кандай музыкалык жанрда 300дөн ашык обон жаратып, кыргыз музыкасынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган.

Жумамүдүн Шералиев акын, жазуучу да болгон. Жаштайынан лирикалык ырларды, аңгеме, очерктерди жазып, алар байма-бай гезит беттерине жарыяланып турган. Кийин чыгармаларынын жыйнагы да жарык көргөн. Ошондой эле комуз, балалайка, мандолина, аккордеон, пианинодо дагы мыкты ойногон. Тоолуктардын жүрөгүнүн тереңинен түнөк тапкан таланттуу композитор 79 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон.