
2026-жылдын 14-мартында, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар жана «Эл куту» сыйлыктарынын лауреаты, Бишкек шаарынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгилеринин автору, «Манас» ааламын чагылдырган сүрөтчү, графикалык дизайнер Майрамкул Асаналиевдин “Кыргыз орнаменттеринин тили” аталыштагы көргөзмөсү өтөт.


Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөдө кыргыз маданиятына, символикасына жана орнаменттерине арналган оригиналдуу сүрөттөр, сүрөтчүнүн студенттеринин уникалдуу эмгектери көрсөтүлөт. Айрыкча «Манас» эпосуна көңүл бурулат. Кыргыз орнаменттеринин мааниси тууралуу баяндама жана орнаменттердин символикасы, тарыхы, «Манас» эпосунун мотивдери боюнча сүрөттөр жана композициялар тууралуу сөз болот.
Иш-чара саат 11:00до башталат.
Оригиналдуу сүрөттөрдү, уникалдуу эмгектерди көрүүгө бардыгыңыздарды чакырабыз!