Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Кыргыз Республикасынын ардагерлер арасындагы шахмат чемпионаты – 2026” старт алды

“Кыргыз Республикасынын ардагерлер арасындагы шахмат чемпионаты – 2026” старт алды
06 Окт 2026

2026-жылдын 6-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында ардагерлер арасында шахмат боюнча чемпионат старт алды.

Ачылыш аземине Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Улан Чолпонбаев атындагы коомдук фонддун директору Болот Исмаилов катышты.

Чемпионат эркек, аялдар арасында 50+: 50дөн 64 жашка чейинкилер; 65+: 65 жаштан жогору эки категорияда өтүп атат.

Сыйлык фонду — 100 000 сом.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Сыйлык тапшыруу аземи 9-октябрда өтөт.