Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамы: Тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамы: Тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги
22 Сен 2026

2026-жылдын 22-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Кыргыз тили – биздин байлыгыбыз” аттуу китеп көргөзмө, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамы: Тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги» аталышта иш-чара жана фойеге “Ойлон, тап! Китеп белекке ал” викторина уюштурду.

Окурмандар викторинага активдүү катышып, белгилүү акын, жазуучулардын китептерин белекке алышты.

 

Андан соң алар Ч.Айтматов залында жайгашкан китеп көргөзмө менен таанышып, легендарлуу парламенттин спикери, Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкуловдун мамлекеттик тил мыйзамын, эне тилдин тарыхы, келечеги, абалы боюнча кенен маалымат угушту. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Республикалык окуу борборунун 32-взводунун талапкерлери, окурмандар мамлекеттик ишмерге кызыктуу суроолорду берип, жооп алышты.

Эске сала кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын кабыл алган. Андагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (“Легендарлуу парламенттин” спикери) Медеткан Шеримкуловдун кол коюусу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларация кабыл алынып, Конституциянын 1-беренесинде Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү жана демократиялык мамлекет деп жарыяланган. Бул эмгеги жана мамлекетке сиңирген эмгеги үчүн Медеткан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюп, 31-майда Жогорку Кеңеш бекитип берген.