Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жарык көргөн 100 китептин бет ачар аземиндеги куттуктоо сөзү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жарык көргөн 100 китептин бет ачар аземиндеги куттуктоо сөзү
04 Июн 2025

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Жалпы эле китеп сүйүүчү окурмандар!

Алгач Улуттук китепкананын жалпы жамаатын бүгүнкү, 27-май – Китепканачылар күнү менен чын пейилден куттуктайм!

Азыркы ааламдашуу доорунда мезгилдин тамырын кармап, санариптешүү айдыңында жогорку технологиялык талаптарга жооп берип, окурмандын оюн таап иштөөдө сиздердин салымыңыздар зор.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана мындан ары карай дагы калкыбыздын маданий, билим, илимдик суроо-талаптарын толук канааттандыра турган Орто Азиядагы ири борбор катары өз миссиясын аткара берет. Ошондой эле өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүп жатышы менен бирге китепкананын кызматкерлеринин моралдык, материалдык керектөөлөрү да учур талабына ылайык келечекте жакшыртылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы – Борбордук Азиядагы эң ири китепканалардын бири, мамлекетибиздин уникалдуу маданий, илимий, билим берүү мекемеси. Өзгөчө баалуу маданий мурас, стратегиялык объекттерге кирет. 1934-жылдын 10-майынан түзүлгөн күндөн бүгүнкү мезгилге чейин улуттук китепкана республиканын элдеринин маданий байлыгын жана салттарын сактоо, жалпы адамзаттык билимдерди өнүктүрүү, илимий потенциалды жана маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү өнүктүрүү ишинде чоң тарыхый жолду басып өттү.
Кийинки жылдарда китепканаларыбыздын фондун жаңы китептер, белгилүү жазуучулардын чыгармалары менен толуктоо дээрлик колго алынбай калганын билесиздер. Ошол кемчилдикти жоюу максатында биздин демилгебиз менен ишке ашырылып, жарык көрүп жаткан 100 китептин бет ачарынын дал ушул күнгө туш келип жатышы символикалуу десем болот. Анткени бул долбоордун негизги максаты – Кыргызстандын маданий, тарыхый мурастарын, китеп, сөз мурастарын сактоо жана ошону менен бирге калктын кеңири катмарына жайылтуу. Китеп окуу аркылуу жаштарды мекенчилдикке, улуттук келечектүү этномаданиятка тарбиялоо жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү, ошону менен бирге акын-жазуучуларды колдоо.

Буга чейин элдин суроо-талабына ээ болгон 50 китепти каржыласак, экинчи кадам менен 100 китептин чыгарылышына каражат бөлүндү. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, бул жолу элдин суроо-талабына ээ болгон Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн адабияттарынын кеңири спектрин камтыган ар түрдүү жанрдагы, мазмундагы жана социалдык багыттагы китептер басылды. 100 китеп долбооруна кыргыз адабиятын баштоочулардын китептери жана кыргыз акындарынын жана жазуучуларынын көркөм-адабий чыгармалары, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин кыргыз тилиндеги чыгармалары, «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезиттеринин архивдик макалаларынын хронологиялык жыйнактары, кыргыз акын-жазуучуларынын балдар үчүн чыгармалары, азыркы чет элдик жазуучулардын чыгармалары киргизилген.

“Манас” үчилтигинин 1958-жылкы басылышы, Касымаалы Жантөшев, Мукай Элебаев сыяктуу кыргыздын профессионал жазма адабиятына чыйыр салуучулардын чыгармалары, балдар адабияттары да чыгарылды. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, ар бир китеп 1000 нускада басылып, республиканын аймактык китепканаларына бекер таратылат.

Долбоорду ишке ашырууда эмгектенген Улуттук китепкананын жетекчилигине, редакциялык жамаатына, китептердин авторлоруна терең ыраазычылык билдирем.

Республикада 3 миңден ашык китепкана иштеп жатканын эске алсак, бул долбоор аркылуу биз окурмандардын миңдеген жаңы партиясын китеп окууга тартуу менен кыргыз элине тарыхый мааниси бар зор кызмат кылдык.

Урматым менен
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров