Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы”…

“Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы”…
08 Июн 2026

 

2026-жылдын 8-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы” (1926-2026) китеби менен толукталды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхына арналган, советтик доордогу жана эгемендик алгандан кийинки радиоуктуруу, телекөрсөтүүсүнүн калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, мамлекеттик, улуттук жана коомдук макамдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жазылган китебин белек кылган УТРКнын иш башкармасы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Чынар Капаровага терең ыраазычылык билдиребиз!