Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Кыргыз жараны”: Улуттук китепканадагы баян. Таасирленген студенттер…

“Кыргыз жараны”: Улуттук китепканадагы баян. Таасирленген студенттер…
16 Апр 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн “Кыргыз жараны” деген КОНЦЕПЦИЯСЫ — Президенттин 2023-жылдын 15-майындагы ПЖ №124 Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 16-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында “Кыргыз жараны: Кыргыз элинин маданияты” аталышта иш-чара болуп өттү.

“Кыргыз жараны” концепциясынын максатын, багытын жайылтуу жана студенттерге жеткирүү максатында Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү уюштурган иш-чарага Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун мугалимдери жана студенттери катышты.

Элдар Аттокуров “Кыргыз жараны” концепциясы боюнча баяндама жасады. Ал аталган концепция жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү процессинин баштоосу экендигин, билим берүүнүн, маданияттын, үй-бүлөдө, коомдо инсанды тарбиялоонун, аны өстүрүүнүн бир бөлүгү болорун баса белгилеп, мамлекеттик тил жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү факторлордун бири болуп эсептелерин билдирди. Ошондой эле ал бул концепциянын идеяларын жайылтууда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары өзгөчө орунду ээлерин билдирип, иденттүүлүк — өзүнүн ким экенин, адам өзүн кандайдыр бир топко (улут, маданият, кесип) таандык кылуусу, уникалдуулугун жана башкалардан өзгөчөлүгүн аңдап билүү процесси экендигин айтты.


Катышуучулар директорго, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, студенттер алп акын Алыкул Осмоновдун фойеде жайгашкан китеп көргөзмөсүнө, музейине жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов залындагы сүрөттөргө таасирленишкенин билдиришти.