
2026-жылдын 17-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо жана сактоо борборунун кызматкерлери жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) илимий китепканасынын өкүлдөрү иш сапары менен келишти.
Жолугушуунун негизги максаты – китепканалар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана китеп фонддорун сактоо менен реставрациялоо багытындагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүү.

Конокторду Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров кабыл алып, китепкананын ишмердүүлүгү, анын тарыхы, түзүмү жана бүгүнкү күндөгү өнүгүү багыттары менен таанышышты. Ошондой эле жолугушууда китеп фонддорун сактоо, сейрек кездешүүчү басылмаларды калыбына келтирүү жана бул багыттагы эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.