

2026-жылдын 15-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн кытай тили боюнча окуу-усулдук куралдардын («Колдонмо жазуу боюнча окуу куралы» жана «Кытай маданияты боюнча хрестоматия» ) таанытымы болуп өттү.

Ош мамлекеттик университетининин алдындагы Конфуций институту уюштурган жыйынга А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директорунун илимий иштер боюнча орун басары Сайра Кырчообаева, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Ли Хуа, «Jiangsu Fenghuang» кесиптик билим берүү басмасынын директору Яо Чжэ катышты.
Жыйында кытай-кыргыз билим берүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кытай тили боюнча кесиптик кадрларды даярдоо боюнча сөз болду.
Аягында Ли Хуа А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын китеп фондуна жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттерине окуу китептеринин топтомун тапшырды.