Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Libway-2026: Илим, технологиялар жана китепкана» эл аралык конференциядагы 100 китеп жана байыркы кыргыздардын баалуу сүрөтү…

“Libway-2026: Илим, технологиялар жана китепкана» эл аралык конференциядагы 100 китеп жана байыркы кыргыздардын баалуу сүрөтү…
30 Мар 2026

2026-жылдын 23-26-мартында Россиянын Новосибирск шаарында «Libway-2026: Илим, технологиялар жана китепкана» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасы, Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмү, Академиялык китепканалардын Сибирь бирикмеси, Новосибирск мамлекеттик облустук китепканасы уюштурган иш-чарага Кыргызстандан Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Аттокуров Элдар Эртабылдиевич катышты.

Ал “Китепканалар – маалыматтык коомдогу актуалдуу маданий институттар” аталышта китепкана ишинде кадрларды даярдоодогу заманбап кадамдар боюнча доклад жасап, мындай деди: “Китепкана ишинде кадрларды даярдоодогу заманбап кадамдар китепканачыларды китеп сактоочулардан маалыматтык айдыңдын модераторлоруна жана маданияттын медиаторлоруна айланткан санариптештирүү таасири астында калыптанып жатат. Санариптик сабаттуулук, маалыматтар базасы менен иштей билүү, мейкиндикти креативдүү долбоорлоо жана коммуникациялык иш билгиликтер өзөк көндүмдөргө айланды.

Теманын актуалдуулугу китепканаларды коммуникация борборлоруна айлантуу менен бирге салттуу билимдер менен катар жогорку технологиялык иш билгиликтерге ээ жаңы типтеги адистерди даярдоо талабын да жаратууда.Жыйынтыктай келгенде, китепкана ишинде заманбап кадрларды даярдоодо салттуу ыкмалардан “китепканачы-навигатор” моделине өтүү зарыл болуп турат. Бул үчүн негизги кадамдар — санариптештирүү, soft skills өнүгүү, долбоордук окуулар жана үзгүлтүксүз билим берүү (lifelong learning). Булар адистерди заманбап маданий-коммуникациялык борборлорду түзүүгө көнүктүрүүнү камсыздап берет”.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элдар Эртабылдиевич Новосибирскиде жашап, иштеп жаткан мекендештер үчүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата кыргыз тилинде жарык көргөн 100 китебин Новосибирск мамлекеттик облустук китепканасынын директору Тарасова Светлана Антоновнага тапшырды.

Ал адабий жана балдарга арналган бир топ китептерди тапшыруу менен бирге атактуу немис, орус окумуштуусу, энциклопедиячы, табият таануучу, саякатчы, биолог, географ, тарыхчы-эртнограф, филолог Паллас Петер Симондун (1741-1811) “Кыргыз аялдары” (Кыргызские женщины”), “Ат үстүндөгү кыргыздар” (“Кыргызы верхом на лошадях”) 1793-жылдагы байыркы замандардагы кыргыздардын гравюралык таберик көчүрмө сүрөттөрүн Элдар Эртабылдиевичке белек кылды.

Соңунда эски китептерди калыбына келтирүү, Новосибирск мамлекеттик облустук китепканасына кыргыз тилин окутуу борборун ачуу жана Кыргызстанда реставрациялоо борборун ачуу боюнча макулдашуу жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айдарбеков Айбек Акматбекович эки тараптын макулдашуусуна жардам берерин билдирип, ар кыл форматтагы эл аралык маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү, чыңдоо керектигин айтып, ийгилик каалады.