
2026-жылдын 17-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Ч.Айтматов залында, саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Нусуп аталык” коомдук фондунун төрайымы, жазуучу Өмүрбүбү Бегалиеванын чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу иш-чарасы өтөт.
Автор уюштуруп жаткан иш-чара фойедеги китеп көргөзмөдөн башталат. Көргөзмөгө жазуучунун китептери, гезит, журналдардагы макалалары, архивдеги сүрөттөрү, сыйлыктары коюлду.
Белгилүү акын, жазуучулар катыша турган иш-чарага жазуучунун күйөрмандарын чакырабыз!
Каалоочуларга эшик ачык!