2026-жылдын 9-сентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаевменен белгилүү экономист, тарыхчы-изилдөөчү, палеогенетик Кубан Чороевдин орус тилинде жазылган “Династия – Металл — Конь. Том I. Genesis: Рождение Евразийской кочевой цивилизации” монографиясынын биринчи томунун талкуусу болуп өттү.


Талкууга Легендарлуу парламенттин спикери, Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, санжырачы Дастан Сарыгулов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, белгилүү педагог-новатор Гапыр Мадаминов, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров (модераторлук кылды) жана белгилүү тарыхчылар, окумуштуулар, окурмандар катышып, кызуу талкуулашып, тарыхый китепке жогорку баасын беришти.


Суроо-жооп болду. Аягында китептин авторунун бири Өмүрбек Чиркешович тарыхый китептин биринчи гана тому жазылганын, ага археология (археологдор бугу таштары менен керексурлар маданиятын чарбачылыгы, дүйнө таанымы, сөөк коюу салты, аскердик курал-жарагы жана атты ыйык тутуу салты жагынан бирдиктүү маданий мейкиндик катары карашканы) камтылганын айтып, алдыда экинчи, үчүнчү тому жарык көрөрүн баса белгилеп, экинчи, үчүнчү томго эмнелер жазылганын кыскача түшүндүрүп берди. Экинчи томго заманбап даталоо ыкмалары (радиокөмүртектүү даталоо жана изотоптук-геохимиялык изилдөөлөр бул эстеликтер комплексинин болжол менен 4000–3000 жыл мурунку заманга таандык экенин ишенимдүү көрсөтүп турары), үчүнчүсүнө археогенетика (изилдөөлөр ошол доордогу элиталык көрүстөндөрдө негизинен R1a жана Q гаплогруппаларынын өкүлдөрү кездешерин, ушул эки популяциянын өз ара аралашуусу жана биригүүсү ошол цивилизациянын аскердик-саясий элитасынын калыптанышында маанилүү роль ойногону) жазылганын айтты.


Катышуучулар алдыда жарык көрө турган эки томдун ийгиликтүү чыгышына ак тилек каалап, аксакалдар ак батасын беришти. Ал эми авторлор келген конокторго ыраазычылык билдирип, аларга жана Улуттук китепканага китеп тапшырышты.