Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Улуттук китепканага келди

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Улуттук китепканага келди
17 Апр 2025

Бүгүн, 17-апрелде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага келди.

Алгач, министр китепкананын имаратынын сырткы көрүнүшү жана ички абалы, материалдык-техникалык базасы, китеп сактоо бөлмөлөрү жана окуу залдары менен таанышып чыкты.

Министр китепкананын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, учурдагы ишмердүүлүк, алдыдагы пландар жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда кызматкерлер китепкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, санариптештирүү жана заманбап кызматтарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө:

“Улуттук китепкана – бул биздин маданий мурастын жана интеллектуалдык байлыктын сакталган жайы. Биз анын ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндүн талабына жооп берген деңгээлге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Заманбап талаптарга ылайык коворкинг борборлорун ачуу, санарип кызматтарды өнүктүрүү – бул биз бүгүн ишке ашырышыбыз керек болгон багыттардын бири. Бул жаатта министрлик толук колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп белгиледи.

Жолугушууда китепкананын жетекчилиги тарабынан алдыда пландалып жаткан иштер боюнча атайын презентация көрсөтүлүп, министр Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана китепкананын директору Айнура Аскарова менен биргеликте талкууланды.

 

 

Алдыда китепкананын ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык жаңылоо, коворкинг борборлорун түзүү, кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү жана ребрендинг пландалууда. Бул багытта жакынкы аралыкта өзүнчө иш-чаралар жана кошумча жолугушуулар өтөт.

******

Министр культуры Мирбек Мамбеталиев посетил Национальную библиотеку

 

Сегодня, 17 апреля, министр культуры, информации и молодежной политики Мирбек Мамбеталиев посетил Национальную библиотеку имени Алыкула Осмонова в городе Бишкек.

В первую очередь министр ознакомился с внешним обликом здания библиотеки, внутренним состоянием, материально-технической базой, книжными фондами и читальными залами.

Затем министр провёл встречу с сотрудниками библиотеки, в ходе которой обсудили текущую деятельность учреждения, планы на будущее и существующие проблемы. Сотрудники отметили необходимость обновления материально-технической базы, цифровизации процессов и внедрения современных библиотечных услуг.

Мирбек Мамбеталиев подчеркнул: «Национальная библиотека — это хранилище нашего культурного наследия и интеллектуального богатства. Мы обязаны привести её работу в соответствие с требованиями времени. Открытие коворкинг-центров и развитие цифровых сервисов — это те направления, которые мы должны реализовать уже сегодня. Министерство готово оказать полную поддержку в этом направлении», — отметил министр.

В рамках встречи была представлена специальная презентация о планируемых проектах библиотеки. Обсуждение состоялось при участии министра Мирбека Мамбеталиева, заместителя министра Гульбары Абдыкаликовой и директора библиотеки Айнуры Аскаровой.

В ближайших планах — модернизация деятельности библиотеки в соответствии с требованиями времени, создание коворкинг-пространств, повышение качества предоставляемых услуг и проведение ребрендинга. В этом направлении в ближайшее время запланированы отдельные мероприятия и дополнительные встречи.