
2026-жылдын 29-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү 2-ноябрь — маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Маданияттын башы — тил, тилдин башы — дил” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.
Аталган көргөзмөгө Кыргызстандын маданият, адабиятын дүйнөнүн төрт бурчуна тааныткан атактуу инсандардын басып өткөн жолу, жашоо философиясы, кубанычы менен кайгысы жана эң башкысы — бизге калтырган акыл-насааты катылган китептер жана авторлордун кол тамга коюлган баалуу басылмалары, учкул ойлору жайгаштырылды.
Сөз кудурети аркылуу тарыхты өзгөрткөн жана маданиятка өчпөс из калтырган инсандардын руханий мурасы менен таанышууга баарыңыздарды чакырабыз!

