
2026-жылдын 3-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүндө Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын (1936–2021) 90 жылдыгына арналган “Ата Журтту ак ыр менен даңазалаган акын” аталыштагы китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Аталган көргөзмөгө Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган акындын баскан жолу, чыгармачылыгы, ыр жыйнактары жана сүрөттөрү коюлду.
Мекенчилдикти, адамдык асыл сапаттарды, сүйүүнү даңазалап өткөн, маданият менен искусствонун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп кеткен Майрамкан Абылкасымованын жаркын элесине арналган көргөзмөгө бардык окурмандарды чакырабыз!