Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мамлекеттик катчы жаш окумуштуулар менен жолугушту

Мамлекеттик катчы жаш окумуштуулар менен жолугушту
29 Май 2026

2026-жылдын 29-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Илимдин өнүгүүсүндөгү жаш окумуштуулардын орду жана ишмердүүлүгү” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүчү «Жаш окумуштуулардын кеңешмеси» аттуу илимий-тажрыйбалык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, этнологдор, эксперттер, окумуштуулар, доценттер, юридика, педагогика илимдеринин кандидаттары катышты.

«Кыргыз Республикасынын илиминин азыркы абалы жана жаш илимпоздорду илимди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары колдоо» темасында баяндама жасалып, талкуу, суроо-жооптор болду.