Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Манас шаарында “XVII Kitep Fest – 2026” фестивалы өтөт

Манас шаарында “XVII Kitep Fest – 2026” фестивалы өтөт
20 Апр 2026

2026-жылдын 23–24-апрелинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык “XVII Kitep Fest – 2026” фестивалы уюштурулат.

Улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатта уюштурулуп жаткан фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия мамлекетинин акын-жазуучулары, басмаканалардын өкүлдөрү, маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Кыргызстандагы облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү катышат.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Эл аралык “XVII Kitep Fest – 2026” фестивалында өткөрүлүүчү иш-чараларынын жумалык ПРОГРАММАСЫ

17-апрель

“Китеп билим булагы” аталыштагы китеп көргөзмөнү Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү уюштурду.

18-апрель

“Китеп – илим, тилсиз мугалим” аталыштагы китеп көргөзмөнү Окурмандарды тейлөө бөлүмү уюштурду.

19-апрель

«Билим болбой, илим болбойт» аталыштагы китеп көргөзмөнү Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү уюштурду

20-апрель

“Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат” аталыштагы китеп көргөзмөнү Кыргыз китеби бөлүмү уюштурду.

23-апрель

Бишкек шаарындагы жана Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылып чыккан китеп көргөзмөсү уюштурулат. Улуттук китепканадагы эң чоң (72х52 см)  жана эң кичине (5х5 мм) китептер, 2025–2026-жылдары китепкана фондуна келип түшкөн жаңы китептер көргөзмөгө коюлат.