2026-жылдын 7-мартында, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында акын, жазуучу Нуржигит Кадырбековдун “Мен атамды таптым” повести боюнча талдоо өтөт. Аталган чыгарманын негизинде терең ой жүгүртүп, мазмуну, каармандардын тагдыры, атанын орду боюнча пикир алмашуу, автор жана чыгармадагы башкы каарман Суусаркан айым менен баарлашуу болот.
Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар Союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы жана “Бир адамдан бир китеп” долбоору биргелешип өткөрүп жаткан иш-чара саат 10:00до башталып, 13:00де аяктайт. Каалоочуларга эшик ачык!