Бүгүн Кыргызстанда китепканачылардын кесиптик майрамы. Кыргыз Республикасынын өкмөтү мамлекеттин илим-билим, маданият, адабият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатта 2008-жылдын 27-майында Китепканалар күнү деп жарыялаган.
Ошол эле жылдын 17-июнунда өкмөттүн токтому менен расмий бекитилген. Бул майрам китепкана тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адистердин жана китепти сүйгөндөрдүн жалпы майрамы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мирбек МАМБЕТАЛИЕВ китепкана сакчыларын майрамы менен куттуктады.
Урматтуу китепкана кызматкерлери!
Сиздерди 27-май – Китепканачылар күнү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө китепканалар жөн гана китеп сактоочу жай эмес, билим берүүчү, маалыматтык, маданий жана агартуучулук борборлорго айланууда. Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен китепканалар жаңы форматта иш алып барып, электрондук ресурстарды, мультимедиялык технологияларды, коворкинг жана өнүктүрүү аянтчаларын активдүү киргизүүдө.
Китепкана кызматкерлери — руханий мурастын сакчылары, билим дүйнөсүнө жол көрсөткөн агартуучулар. Сиздердин китепке болгон сүйүүңүздөр, окурмандар менен болгон тыгыз ишиңиздер жана ар бир адамга туура багыт көрсөтө билгениңиздер өзгөчө урматтоого татыктуу. Айрыкча аймактардагы китепкана кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис.
Мамлекет тарабынан китепканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, фонддорду жаңылоо, электрондук китепканаларды өнүктүрүү жана жаштарды китеп окууга кызыктыруу багытындагы иштер мындан ары да улантылат. Анткени билимдүү жана маданияттуу коом — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.
“Тарыхты китеп сактайт, китепти адам сактайт”, — деп белгилегендей, сиздердин эмгегиңиздер коом үчүн абдан маанилүү.
Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Китепканаларыбыз ар дайым окурмандарга толуп, элибиздин руханий дүйнөсүн байыта берсин!
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!
Мирбек МАМБЕТАЛИЕВ