
2026-жылдын 30-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада улуу жазуучу, акын, котормочу, улуттук адабияттын классиги Мукай Элебаев (1906–1944) 120 жылдык мааракесине карата эскерилди.
Урпактары менен Улуттук китепкана биргеликте уюштурган иш-чара китеп, сүрөт көргөзмөсүнөн башталып, Чыңгыз Айтматов залында уланды.

Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, орун басары, акын Керимбек Кадыракунов, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, алыкул таануучу, коомдук ишмер Памирбек Казыбаев, белгилүү журналист, адабиятчы, публицист Бекташ Шамшиев, коомдук ишмер Замир Келдибеков, белгилүү акын, котормочу Толукбек Байзак, филология илимдеринин кандидаты, доцент Чолпон Толубаева,

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Таш айылынын музейинин директору Турдукан Матыбаева, Мукай Элебаевдин иниси Нурбек Элебаев, небереси Элмира Дүйшөналиева жана “Уникум Чайлд» жеке мектебинин мугалимдери, окуучулары катышты.

Акын, жазуучулар Мукай Элебаев Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында жарык дγйнөгө келип, ата-энесинен эрте айрылып жетим өскөнγн, 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, жаңы бийлик орногондо 1917-жылы кайтып келгенин, «Узак жол» романында кыргыз элинин турмушун баяндаганын,

«Зарыгам», «Алга бас», «Чамда», «Арсар жигит» өңдүү алгачкы ырларын айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жаратканын, чебер котормочу да болгонун баса белгилешти. 1943-жылы согуш майданына аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгонун жана анын эрдиги, ысымы эч качан тарыхтан өчпөй турганын, чыгармаларында жашай берерин айтышты.

Аягында “Уникум Чайлд» жеке мектебинин окуучулары Мукай Элебаевдин согуш отун кечип жүргөндө мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычын, жеңишке болгон ишеничи тууралуу чыгармаларын көркөм окуп беришип, №4 музыкалык балдар мектебинин «Адис» бий ансамблинин кыздары бийлеп беришти.

