
2026-жылдын 8-сентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси Муратбек Азымбакиевдин орус тилинде жазган “Мосты, а не стены: записки дипломата. Честно о сложном” китебинин (кыргыз, англис тилиндеги китеп даярдалууда – ред.) таанытымы болуп өттү.
Китеп жана сүрөт көргөзмө менен башталган иш-чарага тарых илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова модераторлук кылып, мамлекеттик жана саясий ишмер, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров,


Легендарлуу парламенттин спикери, Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун атынан Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев келип, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кичи элчиси Ли Хуа, Бишкектеги ЕККУ Академиясынын ректору, Женевадагы Коопсуздук саясаты борборунда автордун насаатчысы Пал Дунай, мамлекеттик ишмер, автордун насаатчысы Асылгүл Абдурехменова, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Кыргыз Республикасынын китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова жана башка белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, илимпоз, окумуштуулар, автордун кесиптештери, достору катышты.
Иш-чарада автордун китеби жана ишмердиги тууралуу баяндамалар жасалды.
Муратбек Азымбакиев катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-орус тилинде жазылган көлөмдүү китебин Улуттук китепкананын директору Аттокуров Элдар Эртабылдиевичке тапшырды.
Автор аталган китеп дипломатиялык кесип тууралуу гана жазылбаганын айтып, Ата Мекенге кызмат кылуу, ар бир адамдын алдындагы жоопкерчилик, адамдар менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелердеги эң маанилүү баалуулуктардын бири болгон ишеним тууралуу ой толгоо жазылганын баса белгилеп, дубал адамдарды эки башка жакка калтырса, көпүрө алардын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берерин айтты.