«Нанкин жумалыгы — 2026» иш-чараларынын алкагында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кытай жана Кыргызстандын маданий, адабий жана чыгармачылык байланышын бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү иш-чара өттү.


25-августта «Нанкин жумалыгы — 2026» иш-чарасынын ачылыш аземи өтүп, анын алкагында «Салттардын айкалышы: Нанкин парчасы менен Борбордук Азия кийизинин диалогу» көргөзмөсү ачылды. Ошондой эле кытай-кыргыз адабий алмашуу долбоорлору, «Нанкинди окуп таануу» китеп бурчу, жазуучулардын резиденция программасы жана жаштар арасындагы үч саптуу ырлар сынагынын жыйынтыгы сунушталды.
Ал эми 27-августта «Санарип Жибек жолу: маданият, туризм жана мурас» аттуу тармактык презентация жана «Жибек жолунун чеберчилиги — 2026» көргөзмөсү өтөт.


Иш-чаралардын негизги максаты — Кытай менен Кыргызстандын маданий, адабий, чыгармачылык жана экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, Улуу Жибек жолунун жалпы мурасын жаңы өңүттө таанытуу жана элдер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө.
Иш-чарага Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик жана маданий мекемелеринин өкүлдөрү, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, кол өнөрчүлөр, басма жана туризм тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.