Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Насаатчылык — билимдин жана тажрыйбанын алтын көпүрөсү”

“Насаатчылык — билимдин жана тажрыйбанын алтын көпүрөсү”
01 Окт 2026

2026-жылдын 1-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кызматкерлери 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата эмгек ардагерлерди куттуктап, чакан концерт уюштурду.


Директор Элдар Аттокуров Улуттук китепкананын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон улуу муунду куттуктап, алардын көп жылдык талыкпаган эмгектерин, бай тажрыйбаларын баса белгилеп, кылган эмгектери жаштар үчүн үлгү жана сыймык болуп саналарын айтып, бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалады.


Жамааттын куту жана акылман насаатчыларыбыз!
Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Балдарыңыздардын, неберелериңиздердин төрүндө оорубай, сый-урматтын үстүндө дайым бар болуңуздар.
Ар бир аткан таңыңыздар кубаныч менен коштолсун!