
“Россия – менин тарыхым” тарыхый паркында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Кол коюу аземине Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Аттокуров Элдар Эртабылдиевич, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айдарбеков Айбек Акматбекович жана Новосибирск шаарындагы “Россия – менин тарыхым” тарыхый паркынын директору, тарых илимдеринин кандидаты Алексей Олегович Пронин катышты.

Макулдашуу биргелешкен маданий-агартуу, илимий-методикалык жана маалыматтык ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Эки мекеменин эл аралык кызматташтык алкагында агартуучулук максатта көргөзмө долбоорлору жана маалыматтар менен бөлүшүү, биргелешкен иш-чараларга, семинарларга, конференцияларга, мастер-класстарга катышуу иштери пландалды.

Бул кызматташуу маданий байланыштарды кеңейтүү, агартуучулук иштеринин сапатын жакшыртуу, кесипкөй байланыштарды бекемдөө жана кызматташуунун жаңы түрлөрүн түзүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Андан тышкары, Алексей Олегович коноктор үчүн атайын экскурсия уюштуруп, “Россия – менин тарыхым” тарыхый парктары федералдык долбоору, Новосибирскидеги тарыхый паркынын мультимедиялык экспозициялары жана тематикалык табылгалары жана Новониколаевске-Новосибирск шаарында аскердик шаарчасын куруу таржымалы тууралуу айтып берди.