2026-жылдын 26-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында “Салттуу маданиятты сактоо жана материалдык эмес маданий мурастын негизинде креативдүү индустрияларды өнүктүрүү” аталышта XX эл аралык “Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы болуп өттү. Аталган фестивал сүрөт көргөзмө менен башталды.



Конференция катышуучулары менен ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын саламдашуусунан кийин белгилүү сүрөтчү, киноактриса, ЮНЕСКОнун эл аралык эксперти жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын салттуу маданиятын, кол өнөрчүлүгүн сактоого жана эл аралык деңгээлде таанытууга өмүрүн арнаган, «Оймо» салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын негиздөөчүсү жана башкы директору болгон, 1971-жылы айтылуу Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» («Кызыл жоолук жалжалым») повестинин негизинде «Мен – Тянь-Шань» киносуна Аселдин ролун аткарганы менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган Динара Чочунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү.


Катышуучулар “Заманбап музейдеги көчмөндөр мурасы: материалдык эмес маданий мурасты чечмелөөгө жаңы ыкмалар”, “Улуттук өзгөчөлүктүн предметтик жана буюмдук чөйрөсү”, “Салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясат” жана башка дагы маанилүү ар кыл темада баяндама жасашты.
Улуттук китепкана директору Элдар Аттокуров “Эгемендүүлүк жылдарынан кийин улуттук кол өнөрчүлүктөгү негизги көйгөйлөр” темасында баяндама жасады.