Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Окумуштуу жана кыргызтаануучу А.Н. Бернштамга 115 жыл

Окумуштуу жана кыргызтаануучу А.Н. Бернштамга 115 жыл
11 Окт 2025

2025-жылдын 11-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө археолог, тарых илиминин доктору, профессор, белгилүү кыргызтаануучу Александр Натанович Бернштамдын 115 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду.

А.Н.Бернштам (1910-1956) Кыргызстан жана ага чектеш аймактарда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ленинград шаарынан атайын илимий изилдөө максатында келип, кыргыз тарыхына байланыштуу зор мааниси бар илимий иштерди жарата алган. Кыргыздардын келип чыгышы, этностук курамы, Эне-Сай кыргыздары, алардын теги ж.б. баалуу пикирлерди, көз караштарды, тыянактарды айткан. Таанымал окумуштуунун кыргыздардын теги, маданияты ж.б. арналган илимий эмгектери, жоболору илимде актуалдуу болуп калууда. Илимпоздун эмгектери кыргыз тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган. Китеп көргөзмөгө окумуштуунун эмгектери жана ал тууралуу адабияттар жайгаштырылды, студенттерге, мугалимдерге, тарыхчыларга жана жалпы эле кыргыз элинин тарыхына кызыккан окурмандарга сунушталат.