Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Орозалиев Керимкул — окумуштуу, тарыхчы ” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

“Орозалиев Керимкул — окумуштуу, тарыхчы ” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
06 Май 2022

2022-жылдын 3 майында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында окумуштуу-тарыхчы Орозалиев Керимкул Кенжеевичтин 110 жылдыгына карата “Орозалиев Керимкул — окумуштуу, тарыхчы ” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

    Орозалиев Керимкул  1912-жылы, Пишпек уездинин Семиреченсая областына караштуу Уч-Эмчек айылында туулган. Тарых илиминин кандидаты, саясатчы.  Кыргызстан ИАнын корреспондент мүчөсү (1974) –(1955).   Кыргыз Республикасынын илим ж-а техника боюнча мамлекетинин сыйлыгынын лауреаты.

КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти бүткөн (1946). 1946–55-ж. партиялык жооптуу кызматта иштеген. 1956–87-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институнун, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институнун директору.
Анын эмгектери КПССКыргыз Республиканын партиялык уюмдары менен Кыргыз мамлекетинин тарыхына жана улут, интернационализм маселелерине арналган.

80ден ашык илимий эмгектин автору. Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхын жериген илимпоз болгон. Аны академик Түгөлбай Сыдыкбеков тарыхка бир беткей мамилеси үчүн олуттуу сынга алган.