Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Поэзия, кара сөз, драматургиянын дыйканы – Насирдин Байтемиров

Поэзия, кара сөз, драматургиянын дыйканы – Насирдин Байтемиров
10 Апр 2026

2026-жылдын 10-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмү Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, акын жана драматург Насирдин Байтемиров (1916-1996-жылы) 110 жылдыгына арналган “Поэзия, кара сөз, драматургиянын дыйканы” аталыштагы китеп  көргөзмөсүн уюштурду.

Аталган көргөзмөгө жазуучунун гезит, журналдардагы макалалары, китептери жайгаштырылды.

Тарыхый инсан Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгын кийинки муунга таанытуу жана аларды кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттыруу максатта уюшулган көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!