
2026-жылдын 8—октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду студенттерге, мектеп окуучуларына жана кыргыз тилин нөлдөн баштап үйрөнгүсү келгендерге арналган, орус-кыргыз тилинде жазылган “Пособие по кыргызскому языку” китеби менен толукталды.
Кыргыз тилин оңой жол менен тез үйрөтүүнүн уникалдуу автордук ыкмасын иштеп чыккан, кыргыз тилин сүйүп, үйрөтүп келаткан немис кызы Виктория Кринвальдга кыргыз тили боюнча колдонмо окуу куралын белек кылгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!