Орус тили күнү жыл сайын орус адабиятынын негиздөөчүсү Александр Пушкиндин туулган күнүнө карата белгиленет. Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Орус маданияты жана адабияты борбору да заманбап орус адабий тилинин негиздөөчүсү А.С. Пушкиндин туулган күнүнө карата китеп көргөзмө уюштурду. Ага орус тилинин келип чыгышы, тарыхы жана өнүгүшү тууралуу окуу китептери, сөздүктөр жана илимий-популярдуу басылмалар коюлду.


Ошондой эле М.А. Булгаковдун туулган күнүнө арналган «Замандардын устаты» китеп-иллюстрация көргөзмөсү да ачылды. Акылы курч, өзгөчө таланттуу, ички дүйнөсү таза жана принциптүү улуу жазуучунун чыгармалары, өмүр баяны жана чыгармалары тууралуу адабияттар коюлду.
Улуу сынчы-демократ Белинскийдин бүткүл ишмердүүлүгү ошол кездеги феодалдык-крепостнойлук түзүлүшкө каршы нааразычылыктарга толуп, орус элинин жаркын келечеги жөнүндөгү кыялдарга сугарылган.Белинский орус адабиятынын улуттук жана элдик мүнөзүн анын XIX кылымдын 30-жылдарындагы күчтүү гүлдөп-өнүгүшүнүн негизинде далилдеген. Белинскийдин адабий мурасы кийинки муундарга да идеялык таасирин тийгизип, орус адабиятынын өнүгүшүндө өзгөчө роль ойноп, бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготкон жок.
Аталган китеп көргөзмөлөр айдын аягына чейин уланат. 30-июнга чейин китеп көргөзмөгө бардык окурмандарды чакырабыз!