2026-жылдын 18-августунда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлγмγ “Үркүн -110 жыл: элдин тагдыры, тарыхтын сабагы” аталыштагы китеп жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.


Көргөзмөгө 1916-жылдагы улуттук боштондук, эркиндик, адилеттүүлүк жана азаттык үчүн азаптуу күрөш, эл башына каран түн түшкөндө да ар-намыс үчүн күрөшкөн эл трагедиясы, Улуу Үркүндүн улуу сабактары жарыяланган гезит, журналдар, тарыхый китептер жана сγрөттөр жайгаштырылды.
Көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!


Белгилей кетсек, 1991-жылдан тартып Кыргызстандын жарандык коому жана бийлик 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш окуяларын баса белгилеп, Улуу Үркүндөгү курмандыктарды эскерүү иш-чараларын расмий өткөрүп келет.
Быйыл да Үркүндүн 110 жылдыгын расмий белгилегени турабыз.