Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Роза Аманова Мажарстандын «Ак эмгеги үчүн» орденинин Рыцардык крести менен сыйланды

Роза Аманова Мажарстандын «Ак эмгеги үчүн» орденинин Рыцардык крести менен сыйланды
20 Апр 2026

2026-жылдын 20-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргыз эл артисти, искусство таануу доктору, профессор Роза Аманованы Мажарстандын «Ак эмгеги үчүн» (Hungarian Order of Merif) орденинин Рыцардык крести менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Мажарстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дороги Шандор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын директору Канатбек Абдрахматов, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана белгилүү акын, жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар катышты.

Министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов Мажарстан менен Кыргызстандын Улуттук китепканасы кызматташып келатканын жана Даут Кара Шомфаинин кыргыз-мажар тилине которгон А.Осмоновдун “Көл толкуну” китебинин бет ачары жакында эле болуп өткөнүн сөз кылып, Кыргыз эл артисти Роза Аманованын Мажарстандын жогорку сыйлыгы менен сыйланып жатканы кыргыз элине болгон сый-урмат экендигин, эки элдин достугу мындан ары да бекем болуп, кызматташык өнүгө берерин билдирди.

Андан кийин сөз алган элчи Дороги Шандор Роза Аманова бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келатканын, анын ичинде мажар окумуштуусу Янош Шипоштун 2014-жылы англис тилинде жарык көргөн «Кыргыз эл ырлары» аттуу фундаменталдык монографиясын орус тилине которуу жана басып чыгаруу демилгеси өзгөчө орунду ээлеп турарын баса белгилеп, анан кыргыз-мажар маданий жана илимий баарлашуусун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылып жаткан жогорку сыйлыкты тапшырды.